Авторизация на сайте
Что прочитать

керим турапов

Туулган жерди сагындым Керим Турапов Сөзү: К. Тураповдуку
Обону: К. Тураповдуку

Кылымдардан кылым агылып,
Кызыл-Суунун суусу агылып.
Бал жыттанган таттуу кымыздай,
Туулган жердин суусун сагындым.
Жүрсөм дагы алыс араңар,
Ата журтум кетпейт санаамдан.
Акыл айтып, асыл кеп айткан,
Аталардын кебин сагынам.

Сары-Ой менен Көк-Ой тоосунан,
Бүркүт шаңшып, күкүк сайраган.
Ышкын терип аска-зоосунан,
Жүргөн күнүм эстеп сагынам.
Жылаңайлак чырпык ат минип,
Жылгалардан тунук суу кечип.
Балтырымды тилип карагат,
Балалыгым эстеп сагынам.

Тоолор дөбө, жайлоо жашыл төр,
Коңур желдүү салкын асыл жер.
Оттуу белес күңгөй-тескейде,
Кой кайтарган күнүм сагынам.
Түндүгүнөн түтүн булатып,
Апам жапкан нанды сагынам.
Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам жүргөн жерди сагынам.

Рейтинг: 0

Певец: Керим Турапов

Песня: Туулган жерди сагындым

Длина файла: 08:03

Дата добавления: 2015-05-30

Текст просмотрен: 1171

Скачать

Другие песни этого певца Керим Турапов
Фильмы
Керим Турапов - Туулган жер
Комментарии (0)
Добавить коментарий



Код безопасности: